Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
АЯЛ СЫРЫ. 3-болум Аялдын ою ушул жерден чорт үзүлдү. Күйөөсү төшөктөн туруп кийине баштаптыр. Шаар да ойгонуп, жарык кирип калган экен. Машинелердин дүрүлдөгөнү күчөп, жолдон шашып өтүшкөн бирин-серин адамдардын шарпы угулат. Ушул маалда эринен мурда туруп, нары-бери нанүштө белендей салчу. Күйөөсү ишке кетмейинче анын жанында чарк айланат. Кийимдерин бирден кармап жанында туруп жаш баладай кийиндирет. Үстү-башы купулга толгондон кийин дасторконго отургузчу. Жасаган тамагын көңүлдөнө жеп берсе ошого да сүйүнүп калчу. Анан күйөөсүн жолго чейин узатып чыгып, карааны көрүнбөй калгыча кыялбай карап турчу. Ошондон кийин гана тиричилигине киришет.