Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Анарбай күлүк. Атам Досбаев Жолдошали менен апам Абдыразак Кызы Гаухарга арнайм. Тирүү пенде эртели кеч; - Бул тирүүлүктүн, жашоонун максат, маңыз эмне? -Эмне иш бүтүрдүм? Ошолоруму жасаш керек беле же жокпу? –деп мазани алган суроолордун жообун издесе керек. Албетте ойлонтот экен. Ойлонтту... Жашым алтымышты чапчып турган кезим. Жарым кылым ашыгыраак жашап койупмын аш-паш дегиче эле. Кечээ эле устакананын көлөкөсүндө ойноп, жанындагы бир жагы Ортоңку айылга, алды жагынан сайга остановкага өткөн чалдарды пайлап отурган бала элем.