*Пол жуугандын ордуна* башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү
*Буга чейин элдин көңүлү үчүн жашап келдим*.
*Турмушка чыккандан бери буга чейин*
тынбаган жаным, ого *бетер тынбай калды.*
*Түрлөп тамак жасайм, күн сайын полду үч*
*сыйра жууп чыгам. Жума сайын пардаларды*
*жууп кайра илем. Берки кичи үйдү үч күн*
*сайын актап чыгам. Туугандар той-топур*
кылса, калбай барып, түнгө, суукка калып,
иш кылам.
*Эл «Эл эмне дейт» деп эле басып жүрөм. Мыкты*
*келин, мыкты жубай болууга аракет кылып*
*гана басып жүрөм. Аттиң, канча эле мактаса*
деле, эмнегедир бактысыз элем.
*Балалуу болгондон кийин дагы жаным*
тынбады. Тогуз ай чуркап жүргөнүмө
карабай, төрөгөндөн кийин дагы жаным