Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
======================
Дауд ъалайхиссаляям пайгамбардын доорунда, бир жигит Дауд ъалайхиссаляям менен баарлашып олтурат эле. Өлүм периштеси Дауд ъалайхиссалямга кабар берди:
- Бул жигит үч күндөн кийин өлөт - деп, Дауд ъалайхиссаляям бул кабарды угуп абдан капа болот. Үч күн өткөндөн кийин, ал жигитти тирүү жүргөнүн көрөт, Өлүм периштесин көрүп калып:
- Бул жигитти үч күндөн кийин өлөт дедиңиз эле тирүү эле жүрөт го? -деп сураганда.
Өлүм периштеси айтты:
- Туура мен анын жанын алайын - деп келдим эле, Аллах Тааладан мага буйрук болду анын жанын албай тургун! Себеби ал жигит муктаж адамдарга 20 дирхам кайыр кылды эле, ал адамдар:
- Өмүрүң узун болсун! - деп дуба кылышты, Мен алардын дубасын кабыл кылып, ар бир дирхамына бир жылдан, 20 жыл өмүр Бердим деди.
"ШАРИЪАТ ЖАНА ТАРИКАТ-дан" ТЕРИЛГЕН БЕРМЕТТЕР китебинен...

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев