Таасирлүү окуя...
Бир адамга атасынан мураска көп байлык калат. Бирок, «Оңой келген оңой кетет» болуп, байлык бат эле түгөнүптүр. Колундагы байлыгынын баарын түгөтүп, жегенге тамак да таппай калат. Эми дагы мындай байлыкка ээ болуудан үмүтү үзүлсө да, жашоодон үмүт үзбөй Аллахка жалынып дуба кылат: «Оо, Аллахым, мага дагы байлык бер. Мен өз катамды моюнга алам. Эми байлык берсең, аны сарамжалдуу пайдаланам». Байкуш адам ушинтип дуба кылып, эртедир-кечтир бир жакшылык болоруна үмүт кылып күн өткөзөт. Күн артынан күн, ай артынан ай өтөт. Бир күнү түш көрөт. Түшүндө бир адамдын элеси көрүнүп: «Сен Мисирге бар. Мына ошол жерде сени байлык күтүп турат. Ошол жерден казына табасың» – деп айтат. О
*Эне мээрими*.
Үйдүн эң жакшы жери үстүңкү кабаттагы бөлмөнүн терезеси болчу. Ал жерден көчөнү, шаарды курчап турган тоолорду карап отурууга мүмкүн эле. Күн сайын түштөн кийин апасы балдары менен отуруп алып, чарчап келе жаткан күйөөсүн, окуудагы балдарын күтүүчү. Балдары жете элек жатып эле кыйкырып учурашышчу. Апалары коп жылдан бери ооруп, буттары басчу эмес. Бирок ага карабастан балдарынын кийимдеринин, бут кийимдеринин таза жана тыкан болушуна коз салар эле. Балдары барган жерлерин, уккан ырларын, сабактарын айтып беришсе, кубанычтан көздөрү жадырап укчу. Баарынан да балдарынын кырлардан терип келген гүлдөрүн ото жактырчу. Гүлдөрдү дароо бир вазага коюп, бир жума бою сыймыктана карап