Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Бир айылда аракты тынбай ичкен адам бар экен. Андан эл ушунчалык тажашып, мамиле да кылбай калышыптыр. Бир күнү ажалы жетип көз жумат. Бирок анын өлгөнүнө эч ким деле кайгырбайт. Кайгырмак тургай көз көрсөтүп да келишпейт. Аракечтин аялы , айылдын молдосуна барып : " Күйөөмдүн ичкенинен бөлөк зыяны жок эле. Эч болбосо сен жаназасын окуп , кепиндеп бер. Өзүм мүрзөгө алып барып көмүп алам " деп ыйлайт. Молдо макул болуп, жаназасын окуп , кепиндеп берет. Аял күйөөсүн айылдын четиндеги мүрзөгө эптеп алып барып , кантип көмөм деп ойлонот. Бир убакта ары жакта кой жайып жүргөн кишини байкайт. Кыйкырып кол булгалап атып жанына чакырып, абалды түшүндүрөт. Ал адамдарды мүрзөг