АКЖОЛТОЙ КАНАТБЕКОВ. Абдан маанилүү экени..
Comments 12
Likes 76
Наристенин чүчкүргөнү да КЕРЕМЕТ 😍😍😍
Comments 8
Likes 192
Comments 4
Likes 210
Кечиңер көңүлдүү улансын😊
Comments 8
Likes 127
Comments 126
Likes 1.2K
Же күлүшүңдү билбейсин...же ыйлашыңды...
Comments 14
Likes 158
* * * * * * * Кыштын ызгаар түндөрүнүн биринде, миллиардер киши кедей карыя менен көчөдө жолугуп калат. Андан үстүндө жылуу кийими жок суукта үшүп-үшүбөгөнүн сурайт. – Эч кандай кийимим жок, бирок көнүп деле калдым... – деп жооп берет карыя. Буга боору ооруган миллиардер киши: – Күтө туруңуз. Мен үйгө кирип, сизге жылуу кийим алып чыгып берейин – дейт. Эчкиси эгиз туугандай сүйүнгөн карыя ыраазы болуп, күтүп турарын айтат. Үйүнө кирген бай башка жумушка алаксып кетип, сыртта күтүп турган кембагалды унутат да калат... ... Эрте менен ойгонгондо сыртта күтүп турган кедей карыяны эстеп, шашкан бойдон чуркап чыгат. Бирок аксакалдык суукка тоңуп өлгөн жансыз денесин жана өлөр алдында калтырып кеткен эскерүү кагазын көрөт. Анда мындай жазылган эле: "Менде үстүмө кийгенге жылуу кийимим жок кезде, суукка каршы күрөшө тургандай күчүм болчу, анткени ал абалга көнүп калган элем. Бирок мага жардам берериңе сөз бергениңде, сенин убадаңа байланып калдым да, суукка каршы чыдамкайлыгым жоготуп алдым..." Ибрат: Убадаңды аткара албасаң, эч нерсеге сөз бербе. Бул сен үчүн эч нерсеге турбашы мүмкүн, бирок башка бирөө үчүн бардык мааниге ээ болушу мүмкүн. Баян Акпаралиевна
Comments 8
Likes 275
Колу ийининен кесилген киши эртеден кечке көчө кыдырып: "Менин абалымды көргөн адам, эч качан эч кимге зулумдук кылбасын" - деп кыйкырып жүрөт. Ал бул адатты өзүнө көнүмүш кылып алгандай. Ага көңүл бурбай өтүп жаткан көпчүлүктүн арасынан бирөө токтоло калып, анын айтканына кызыкты: - “Эмне минтип жар салып жатасыз, айтканыңыздын себебин билсек болобу?”– деди ал сылык.  Тиги: - Айтсам ааламга сыйбас арманым бар, менин башымдан өткөн окуя таң калыштуу - деп башынан өткөргөнүн төкпөй чачпай айтып берди: "Күндөрдүн биринде дарыянын жээгинде баратып, чоң балык кармап алган кишини көрүп калдым. Анын жанына басып барып, балыгын тартып алууга аракет кылдым. Бирок тиги: Жок! Муну сага бере албайм, мен аны сатып бала-чакама тамак-аш, азык-түлүк алуум керек - деп жаналакетте каршылык көрсөттү. Мен анын каршылыгына карабай күчүмө таянып балыкты тартып алдым да, үйүмдү көздөй басып кете бердим. Жолдо баратканда кокустан балык баш бармагымды катуу тиштеп алды, балык тиштеген жер сыздап ооруткандыктан түнү менен көз ирмей албай чыктым. Таң эрте туруп карасам колум шишип кетиптир. Эмне кылаарымды билбей шашкалактап ооруканага жетип бардым да дарыгерге жолугуп колумду көрсөттүм. Дарыгер: Баш бармагың ууланыптыр, эгер тезинен кестирип салбасаң анда колуңдун бардыгына тарап кетет - деди. Мен анын айтканына дароо макул болдум, анткени менде андан башка чарам калбаган эле. Ошентип баш бармагымды кестирип салып үйүмө кайтып келдим. Бүгүн тынчыраак уктайм го деген ой менен жуурканымды жабынып, көзүмдү катуу жумуп жатып алдым. Бирок, ал түнкү оору биринчи күнкүдөн да катуу болду, уктай албадым. Эртелеп туруп кайра дарыгерге бардым, ал: Бармактарыңдын бардыгын кестирбесең болбойт”- деди. Дагы кестирдим. Андан кийин оору чыканагыма чейин жетти, чыканагымды да кестирип салдым. Ушуну менен оорум токтойт деп үмүт кылдым, бирок оору ийиниме чейин жетти. Кайра дарыгерге жетип бардым, ал: “Эгер колуңду ийиниңе чейин кестирип салбасаң, анда оору денеңдин бардыгына жайылып кетет”- деди. Аргасыз болдум, кылаарга эч бир айла таппай дарыгердин айтканына көнүп гана тим болдум. Ошентип колум ийиниме чейин кесилип калды, кайгырып үйүмө кайттым, жолдо келе жатсам бирөө: “Колуңа эмне болду, эмне үчүн кестирдиң?”- деп сурады. Мен ага балыктын окуясын айтып бердим. Ал окуяны жакшылап тыңшап укту, анан мага: Эгер балык колуңду тиштеген замат балыктын ээсине барып акыңды адал кылып, ыраазы кылганыңда колуң кесилмек эмес. Азыр да кеч эмес, тезинен барып андан кечирим сура, антпесе оору бүт денеңе жайылып кетпесин - деп насаатын айтты. Мен балыктын ээсин издеп жөнөдүм, кыдырып жүрүп акыры аны таптым. Ага жолугарым менен бутуна жыгылып: “Оо, бир тууганым! Алла үчүн мени кечир, мен кылган ишиме өкүнүп жатам”- деп кечирим сурадым. Ал: “Сиз кимсиз?”- деп мени тааный албай турду. Мен: “Бир нече күн мурда сен кармаган балыкты күч колдонуп тартып алган залим адам менмин”– деп, өзүмдү тааныштырып болгон окуяны айтып берип, колумду көрсөттүм. Ал колумду көрөр замат көз жашын төгүп мындай деди: “Мен сизди Алла үчүн кечирдим”. Мен андан: “Сен мага каршы дуба кылдың беле?” - деп сурадым. Ал: Ооба – деп, башын ийкеди. Мен эмне деп дуба кылдың эле - дедим. Ал: “Оо, Алла! Бул адам өз күчүнө ишенип мага зулумдук кылды жана Сен мага ырыскы кылып берген нерсени тартып алды, менде ага каршы турганга күчүм жок, күч-кудурет ээси Сенсиң, мага күч-кудуретиңди көрсөт!” - деп жалынып-жалбарып дуба кылгам - деди. Бул окуяда бизге сабак болчу бир канча чындыктар бар: 1. Залим күчүнө таянып зулумдук кылса, мазлумдун дубасын кабыл кылар Жаратуучусу бар... 2. Эч бир зулумдук жазасыз калбайт... 3. Жакшы кылсаң өзүңө, жаман кылсаң өзүңө, өйдө карап түкүрсөң кайра түшөт көзүңө... Андыктан туугандар адал тамактанууга үйрөнөлү.
Comments 5
Likes 247
Талант экөөбүз кафеде тамактанып отурганбыз. Апасы чалды. Айткандары угулуп жатты. - Ай, желмогуз! Кыз таппай калдыңбы? Эрден чыккан катынды эмне кыласың? - Апа, мен баары бир айтканымдан кайтпайм. - Башыңды айлантып алган да. Дөөрүбөй отур. Атаң сүйлөшөм дейт. Үйгө кел. - Барбайм. Баягы күнү сүйлөшкөнүбүз жетет. Бир жумадан кийин алып барам. Тосуп албасаңар өзүнчө жашай беребиз. - Элге шерменде кылдың! Сүйүүң менен куруп кет! - Апа! - Бизге небере керек. Бирди төрөгөндөн кийин аның карып калат. Же эмне, бирөөдөн тапкан төрт баласын алдыбызга салып бергени турасыңбы? - Апа, мен Гүлназды сүйөм. Кандай түшүнбөйсүз! Апасы телефонду басып койду. Унчуккан жокмун. Түшүнүп турам. Бир да эне үйлөнө элек уулуна төрт баласы бар келинди алып бергиси келбесе керек. Таланттан жети жаш улуумун. Күйөөм каза болуп калган. Төрт балам бар. Улуусу бешинчи класс. Өзүм чакан тигүү цехин иштетем. Турмушка чыгайын деген деле оюм жок болчу.  Жайында бир фирмадан форма тигүүгө буйрутма түштү. Кабыл алдым. Ишкананын жетекчиси менен жолугуп, деталдарды сүйлөштүк. Буйрутманы убагында бүтүрдүк. Алып кеткени эки жигит келди. Бирөөсү Талант болчу. Экөөбүз эски тааныштай бат эле тил табышып кеттик. Баары качан башталганын билбейм, бири-бирибизден ажырай албай калдык. Башында сезимдеримден уялдым. Талант менен болгон мамилемди ата-энемден жашырып жүрдүм. Жадакалса, балдарымдын алдында өзүмдү күнөөлүү сездим. - Талант, эмнеге келдиң? - Ата-энеңден колуңду сураганы. - Азыр эмес дебедим беле. - Мен сени менен болгум келет. - Ата-энеңчи? Жалгыз уулуна мендей аялды ыраа көрөбү? - Ал өзүмдүн ишим. Атам экөө көпкө сүйлөшүп отурушту. Тоскоол болгон жокмун. Акыры экөөнү тең макул кылып кетти. Айылга түндө кирип бардык. Дене боюм дүркүрөп жатты. Босогосун аттар замат алдыман кайын энем чыкты. Акшыя карап коңшу бөлмөгө кирип кетти. Жанындагы аялдар мени көшөгө тартылып турган бөлмөгө алып киришти. Ызы-чуу башталды.  - Эже, коюңуз антпеңиз. - Салбайм жоолукту! Шерменде десе! Уялбай кирип келгенин. - Жалгыз уулуңдун тапканы экен. Өзү келди дейсиңби. - Кой Майраш, антпе, жүр. - Барбайм, чыгып кетсин көзүмө көрүнбөй! - Майраш, ачууга алдырып балаңан айрылып калба! Ачуу сөздөрдү угуп эки саат бир бөлмөдө жалгыз отурдум. Акыры кайын энем келип жоолугун салып чыгып кетти. Айылда көпкө турган жокпуз. Шаарга келип батирге чыктык. Ар жуманын аягында кайын-журтуман кабар алганы айылга барабыз. Цехке жакшы материал келгенде атайын кайын энеме деп көйнөк тиктирип көтөрүп алам. Мага болгон мамилеси баягындай эле суз.  Бир күнү барсак, кайын энем мен тигип берген көйнөктү кийип жүрүптүр. - Балдарың жакшыбы? - Жакшы апа. - Эмкиде ала кел. - Макул. Кийинки жумада төрт баламды жетелеп бардым. Кайын атам менен кайын энем алар менен божурашып отурушту. Өзгөчө тили жаңы чыгып келаткан кичүү кызым баарынын боорун эзди. Кокустан, кайын энем чай ичип отурган балдарыма “биз силердин чоң ата, чон апаңар болобуз”,- деди.  Учурда улуу балам студент. Каникулга чыкса эле, "жардам берип келейин деп айылга чоң энесине" жөнөйт. Кичүүлөрү аны ээрчип таарынышат. Талант экөөбүз эки кыздуу болгонбуз. Балалуу үй базар болуп эле жатып калдык.  Азыр ойлосом, баарына Таланттын өжөрлүгү менен туруштук бериптирбиз. Эмне деген гана сөздөр айтылган жок. Талант ар дайым мени коргоп, мен тарапта болду, "сени жана балдарынды бактылуу кылам" деген сөзүнө турду. Колумду катуу кармаган бойдон кое берген жок.
Comments 16
Likes 275
Феминизм кимдер үчүн керек? Кыргыздар байыртадан бери эле аялзатын урматтап, сыйлап, баалап келет. Аялзаты бул энебиз, эжебиз, карындашыбыз алардардын үйдөгү, коомдогу орду бийик. Энелер балдарга тарбия берип, алардын адам болуп калыптанышында чоң ролду ойнойт. Андыктан элибиз энесин өзгөчө сүйүп алардын көңүлүн оорутпоого аракет кылат. «Эне сүтү бой өстүрөт, эне тили ой өстүрөт». Ата-бабаларыбыз аялзатына зор маани берип аларды Умай-Эне, Жер-Эне, ал эми тилибизди Эненин тили деп ыйыктап, даңазалап келишкен. Белгилүү тарыхчы-илимпоз Л.Н.Гумилев өзүнүн «Байыркы түрктөр» аттуу китебинде мындай деп жазган: «Байыртадан аялдарга болгон мамиле өзүнчө ызаат көрсөтүүнүн үлгүсү болгон. Уулу боз үйгө киргенде эң алгач энесине баш ийкеп, анан атасына таазим кылган». Элдик оозеки чыгармачылыктан, тарыхтан Тумар падыша (Томирис), акылгөй Каныкей, Кыз Сайкал, эр жүрөк, намыскөй Жаңыл Мырза, акыл менен журт башкарып, эл биримдигин ойлогон кеменгер Курманжан Датка, сулуулуктун символу болгон Айчүрөк, Ак-Мөөр, Таттыбүбү сыяктуу көптөгөн даңазалуу кыргыз кыздарын билебиз. Ооба, эне болуу, оңой эмес. Аялдар бала төрөп, тарбиялап аларга чексиз сүйүүсүн, мээримин тартулоо деген табигий милдети мойнунда. Жапырт турмушта аялдын экинчи ролу үй-бүлөнүн очогун булатып сактап калуу, эне деген үй-бүлөнүн түбөлүк куту эмеспи. Бирок заман өзгөрдү, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктар ачык айкын айтылып, алардын көрсөткүчтөрү да санала баштады. Азыркы замандын шайыр кыздары, биздин чоң-эне, апаларыбыздай эмес, турмуштук оорчулукту көтөрө албайт, эркектери деле алардан кем эмес. 21-кылымда аялдардын орду алда канча өзгөрдү, илгеркидей эл эмне дейт?, деген жаман ойлор жоголду. Азыркылар эл эмне десе ошо десин, мен каалаганымды кылам деген жыргал доордо турмуш сүрүп жатабыз. Кааласаң турмушка чыкпа, кааласаң бала төрөбө, каалагандай кийин, көрүнгөн менен жата бер ал өзүңдүн ишиң! Эркектер тараптан кордук көргөн аялзаты феминизм деген терминди жамынып алып кыргыздын каада-салтына, нарк насилине туура келбеген иштерди кылууда. Алар мындай кылыгы менен эркектерден өч алгысы келет имиш. Мүнөзү эгоизмге толгон балдар-кыздар, башкаларга өзүнүн кызыкчылыгын таңулап жатышат. Кыргызстанда аялдын укугу кыргыздын каада-салтына, жана үрп-адатына айкалыштырылып корголушу керек. Кыргыз этносу улут катары жок болушунун алгачкы диогнозу бул-феминизм. Алар бала төрөгөндөн качып, табияттын мыйзамдарына каршы болушуда. Аялдардын укугун коргоп жатабыз демиш болуп, бузукулук менен алек болуп жаткандай. Эркектер менен тең укукту каалаган аялдар үчүн, феминизм чындыгында туура жол болсо, анда аялдарда милдеттүү түрдө аскер кызматына барсын, аялдар деле шахтада иштесин, айылда жашагандар трактор айдап жер иштетсин дегендей)). Аялдарга кол көтөрүп кордогон алсыз эркектерди тарбияласак феминизм өзү эле жоголуп кетет окшойт. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту жоюп, балдар, каздарды алардын тили менен туура тарбиялаганды үйрөнөлү. Бул жашоодо баары болот капа болбо карындаш, Туз узасан тез жетесин жоолук азды кайып каш. Бактылуулукту энсейсин жолок болгон асыл таш, Оозду чуйруп: - “Жебейм дейсин!” - суусап алды кашыкташ. “Бул жашоого жеткен арман Кудай озу кечирсин, Турмушунда озун карман ката сенден кетпесин!” Деп айтчу эле сага энен кундо мээўди жегенде, Сен укпадын аны деги: - “Билем, билем!” – дедин сен.
Comments 5
Likes 13
Сүйүшkөн жүрөkmөрgү эч kачан ажыраmпасын! Аамиин!
Талант экөөбүз кафеде тамактанып отурганбыз. Апасы чалды. Айткандары угулуп жатты. - Ай, желмогуз! Кыз таппай калдыңбы? Эрден чыккан катынды эмне кыласың? - Апа, мен баары бир айтканымдан кайтпайм. - Башыңды айлантып алган да. Дөөрүбөй отур. Атаң сүйлөшөм дейт. Үйгө кел. - Барбайм. Баягы күнү сүйлөшкөнүбүз жетет. Бир жумадан кийин алып барам. Тосуп албасаңар өзүнчө жашай беребиз. - Элге шерменде кылдың! Сүйүүң менен куруп кет! - Апа! - Бизге небере керек. Бирди төрөгөндөн кийин аның карып
Достор мага жигитке арнап суйуу жонундо ыр жазып бергилечи сураныч.😊(Хочу признаться в любви)
Бул эмне деген шумдук. Оштогу областной больницада илинип турат экен. Эээх жашоо...
ӨГӨЙ ЭНЕМ ӨЗ ЭНЕМ. =================== Жаш ыймандуу, түшүнүктүү жигит жаш кызга үйлөндү. Аялы дагы ыймандуу эле. Алар өтө бактылуу жашап жатышты. Келинчеги күнүгө таңда жолдошун намазга ойготчу. Жылдар өтүп, кыздуу болушту. Көп өтпөй келинчеги каза тапты. Азап чеккен жолдошу аялынын кабырына күндө барып, куран окуп келет. Жолдошу апасы менен ымыркай кызды багуу кыйынчылыкты жаратты. Апасы баласына: " Балам, балким үйлөнөрсүң. Кызыңа эне керек" деди. Жигит: " Апа сиз эмне десеңиз, ошондой болот
Амиин!
Show more
About page
КЫЗЫКТУУНУН БААРЫ БАР. Сиздер менен андан да кызыктуу болот.
Photos from albums