Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Мен - киф алып кел, счетуң кайда деп көзүн алайта караган доктурлардын кадырын билдим. Көрсө сиздер кыйын абалда биз үчүн жанын аябаган жан экенсиздер.
Мен - эптеп эле окутумуш болуп, сабатсыз көрүнгөн мугалимдин кадырын билдим. Көрсө сиздерсиз биз балдарыбызга эч нерсе үйрөтө албайт экенбиз. Ызылдап мектепке барса кулагына бир нерсе кирээрин эми билдим.
Мен - ар кайсы бурумда тосо калган МАИ байкелердин кадырын билдим. Көрсө элди үйдө олтургузуу керек болсо сиздер тик турат экенсиздер. Аллах ынсап жана күч кубат берсин.
Мен - колдору мокочо кара дөңгөлөк жамаган доскенин кадырын билдим. Дөңгөлөк жарылып 5 күндөн бери жөө жүрөм.