ЖАРАТКАНГА ШҮГҮР
Жоктон бизди бар кылган жаратканга,
Жашоого үндөп, ааламга таратканга,
Биз пенделер шүгүр кылуу парызыбыз,
Ар бир күнгө шүгүр айтып жаратманга.
Жарк этип нурун чачкан күнгө күбө,
Бейпил тынч ай шоолалуу түнгө күбө,
Жараткандын буйругу амри менен,
Өтүп жаткан өмүр күн сууга күбө.
Табиятты кооздоп аска тоолор бүткөн,
Аллахтын каары гана пендесине түткөн,
Кудайдын биз кулубуз күн бүткөнчө,
Жараткандан тилеп арзуу үмүт күткөн.
Аллахымдын буйругусуз тикен кирбейт,
Аллахтын кудуретин көр пенде билбейт,
Жараткандан амир болуп жаралганбыз
Аллах ыйыктыгын туйбасаң бил дилиң кирдейт!!!
Жаратканып бүт баарына өзүң күбө,
Көр пендеңди кечирчи болсо күнөө !!!
02. 04. 20. М. Т.