Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
“Таалай акем үйлөнүптүр” деген кабар айылга "дуу" дей түштү. Кыздар жеңе жандап, көшөгө ичинде топ таш ойноп жатса, боз уландар улам бири сонуркап карап кетип... Кичинекей айыл заматта шаан-шөкөткө бөлөнүп, көркүнө чыга түштү. “Өтө сулуу экен, өзбек дешет” деген күбүр-шыбыр угулуп жатты. Бир убакта бойго жетип калган акем “Таалай акемдин аялы итти дагы "кетиңиз” дейт экен" деп күлүп калды. Көрсө атасы кыргыз, апасы өзбек улутундагы жаңы жеңебиз ноокаттыктардын салты боюнча жаңы төрөлгөн балага да "сиз" деп кайрылчу тура...
Дагы бир тууганыбыз үйлөнгөн жылы экинчи бир тууганыбыз баласын сүннөткө отургузат. Үйдүн ээси эмне максатты көздөгөнү белгисиз, наристенин кесилген этин “жаңы келинге” ж