Сиздердин иш түн уйкуну
бөлгөн канчалык түйшүктүу да, жооптуу да, ардактуу да, ошол эле убакта
көзгө көрүнбөгөн майда да. Сиздердин иш – тендешсиз баалуу да! Мугалимдин колунан билим, тарбия албаган эч бир адам болбойт.
Бар болуңуздар, ардактуу педагогдор!
Кесиптик майрамыңыздар менен!
ЭЖЕЙИМ
Ырас, мен дагы анда бөбөк элем,
Таптакыр азыркыдан бөлөк элем.
Тунжурап тып-тынч класс. А дүйнөнү
Эжейдин көзү менен көрөр элем.
Ортону канча жаз, күз тоссо дагы,
Үлгүртпөй мезгил бизден озсо дагы,
Дагы эле тиктейт мени эжейимдин,
Элеси – бор кармаган доскадагы.
О, анда, ал да биздей жапжаш эле,
А бүгүн неберелүү ак чач эне.
Колумду кошо кармап, кошо окуган,
Эжейим – эжейлерден башкача эле.
Ош