Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Кыямат күнү Дүйнөдөгү макулуктар өлүп бүткөндөн кийин Кыямат күнү башталат. Кыямат күндө Аллах Таала жаңы дүйнө, жашоо пайда кылат. Мүрзөдө жана башка жерлерде чириген денелер Аллах Тааланын кудурети менен кайрадан тирилип мурункудай жаңы жашоону пайда кылат. Ыйык Куранда: «Инсан Биз анын сөөктөрүн кайрадан чогултуп аларыбызга ишене албай турабы? Акыйкатта, Биз анын манжаларынын учунан бери өз калыбына келтирүүгө кудуреттүүбүз.» (Инсан 3-4-аяттар) – деп, адам баласынын кудум бул жашоодогу денесин кайрадан жаратаарын баяндап жатат. Аллах Таала Исрафилди мурунку тирүү калыбына келтирет. Аллах Таала Исрафил алейхис саламды тирилтет, экинчи ирет сурнайды чалууга буйрук берет. Анан денелерге жан