Мөлтүрөгөн мөңгүлөрдү сатышып,
Кыргызмын деп кантип жүрөт басышып.
Башты айлантып бүтмөй болду буларың ,
Багалектен жең чыгарып жатышып.
Ак мөңгүлөр аталардын мурасы,
Ала тоолор аркар кулжа уясы.
Керте берсек чекесинен аларды,
Жоголот го табигаттын музасы.
Мөңгү ээрип жер кыртышы бузулуп,
Таштандыга тамчылары куюулуп.
Булгап жатат уулу заттар абаны,
Көрбөсөк да көзгө турат туюулуп.
Ата журтту ойлоп жүрөк дирилдейт,
Өнүгөт дейт өнүүгүсү билинбейт.
Сатып жатса чекесинен кертишип,
Көкүрөктөр ачышат да тилинет.