*БУЛ КҮНДӨР ДА ӨТҮП КЕТЕТ *
Сынбаш керек, күндөр болсо кыйналуу .
Күн артынан, күндөр келет жыргалдуу.
Сабыр кармап, күлүп гана жүрө бер.
Сүннөт болот, мыйыгындан жылмаюуу.
Ачка токту, оор женилди көп көрдүм.
Кээде ыссып, кээде ушуп көгөрдум.
Бул күндөр да, өтүп кетет деп коюп.
Мен жашоодо, сынбас болуп өзгөрдум.
Кыйналганда, өзүмдү өзүм сооротуп.
Депрессияга түшпөйун деп ойлонуп.
Баштан өттү, нечендеген оор күндөр.
Мен да калгам, кыйын күндө кор болуп.
Бул күндөр да өтүп кетет дегендей.
Учкан куштай, мезгил өтөт билинбей.