ЛИМОНДУН ПАЙДАСЫ
Лимондун негизги курамын суу менен лимон кислатасы түзөт. Анда организмге керек эң маанилүү витаминдер абдан көп. С витаминин, А, В1, В2, D витаминдерин жана мындан сырткары цитринди (витамин Р) курамына камтыйт. Химиялык курамы боюнча өзүнчө бир фенолдук байланышка жана жогорку биологиялык активдүү заттар менен касиетүү баалуулуктарга ээ жана минералдык туздарга, лимон кислотасына бай. Ошондуктан ал организмге абдан керек. Организмге С жана Р витаминдери жетишпегенде, зат алмашуу бузулганда, ошондой эле кычкылтеги төмөн гастрит, подагра, заара чыгаруучу каналдарга таш пайда болгон ооруларда пайдалуу. Өзгөчө андагы С жана р витаминдери суук тийген ооруларда абдан маанилүү ж