Кызым Гаухар!!! Мына сен ыйлап төрөлүп мен эне болгонума сүйүнгөн ушул күн келди. Менин алгачкы энелик сезимимди, энелик мээримимди ойготуп, энелик бакыттын кандай болоорун, энелик милдетим бар экендигин сен билдирдин. Тун кызым менин Гаухарым Кудайдан миң мертебе суранаарым: сенин ден соолугуңду Кудайым темирдей, таштай бекем кылсын, сага Кудайым тоодой бакыт берип бактылуу болсоң экен кызым. Бир туугандарына күйүмдүү, ыймандуу, бактылуу, кайраттуу, кадыр барктуу кыздардан болушунду миң ирээт Кудайдан сурайм.