Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Сөөк жерге берилгенден кийин кабырга келген Мункар жана Накир аттуу эки периште тарабынан өлүктөн ыйман менен акыйда тууралуу сурала турган суроолор.
Өлүк жерге берилгенден кийин жанына эки периште келет. Аны кармашат. “Раббиң (Кудайың) ким?” – деп сурашат. Өлүк: “Раббим – Аллаху таала”, – деп жооп берет. (Пайгамбарыбыз алейхиссаламга ишарат кылып) “Силерге жиберилген ал зат ким?” – деп сурашат. Өлүк: “Ал – Аллаху тааланын Расулу (Элчиси), пайгамбары,” – деп жооп берет. “Муну кайдан билесиң?” – деп сурашат. Өлүк: “Аллаху тааланын китеби Курани каримде окудум. Ага ыйман келтирдим жана Аны тастыктадым”, – деп айтат. (Хадиси шариф, Латаиф-ул-Маариф)