ТААСИРДҮҮ Болгон окуя.
Имам жана анын 11 жаштагы Зайд аттуу уулу ар жума күнү «Бейишке жол» деген китепче таратыша турган. Ушундай күндөрдүн бир жума күнүндө күн сууктап, жамгыр жаап жатты. Жылуу кийинип,өзүнүн жумушуна камданып бүткөн Зайд атасына карап:
-Ата, мен даярмын!-деди.
Атасы:
-Балам, бүгүн күн суук, үйдө эле бололу. Анын үстүнө мен бүгүн сасык тумоодон жакшы боло албай жатам,-дейт.
Зайд:
-Анда мен жалгыз эле бара берейин,-дейт атасына
суроолуу карап.
Атасы:
-Бисмилля, бара кой.
Зайд кубанган көздөрүн жайнатып Бейишке чакырык кылган жука китепчелерди таратуу үчүн үйүнөн чуркап чыгып кетет.Ал күндүн бүркөөсүнө, көчөдөгү адардардын сейрек болгонуна карабай китепчелерди таратып жүрдү.