КЕЛГИЛЕЧИ ТАЛКАЛАЙЛЫ АРАКТЫ
Жармаштырып адатта жок ооруну,
Арак десе азапка да чыдайбыз.
Бирөө тоюн ичимдиксиз өткөрсө,
"Жүз грамм аяп өлдү го" деп сынайбыз.
Колубузга арак кармап жалбарып,
Уул-кыздарга бакыт тилеп жыргайбыз.
Ыйман качып балдар кетсе терс жолго,
Кудайды эстеп доомат коюп ыйлайбыз.
Эки жашты шылтоо кылып сайрандап,
Көздөрдү ачпай тайралаңдап сулайбыз.
Аң-сезимди уу тамакка алдырып,
Тегиз жерден түз баса албай кулайбыз.
Конок күтсөк издеп жакшы арагын,
Баалабайбыз бал татыса сорпобуз.
Адал жерге арам сууну бий кылып,
Кудай эмес кудагыйдан коркобуз...
Төрөлсөң да, өлсөң дагы коштогон,
Кооз көрүнтүп күнөө иштен тоспогон,
Суусу тунук, дили бузук бул шүмшүк,
Элди кырган атом