Күндөрдүн биринде аялдарга сабак өтүп жаткан учурда эжекей аялдарга суроо берет. Эжекей: Оо, менин окуучуларым бүгүн силер менен бир оюн ойномокчумун. Эгер ойной тургандар болсо доскага чыксын. Ошондо бир аял туруп мен ойноймун эжекей деп доскага чыгат. Эжекей: Оюндун шарты мындай, сен эң жакын адамдарыңдан 20 адамдын атын жазасың. Ошондо окуучу, 20 адам атын жазат. Атам, апам, балам, күйөөм, кыскасы 20 адамдын атын жазат. Эжекей: Ошондо сен эми 8 адамдын атын өчүргүн деп айтат. Ал 8 адам атын өчүрөт. Эжекей: эми дагы 8 адам атын өчүргүн дейт. Ал дагы 8 адам атын өчүрөт. Доскада 4 адам аты калат. Ата, эне, бала, күйөө. Эжекей: дагы 2 адам атын өчүр дейт. Аялдын көзүнөн булак-булак жаштар агы