Т: Күкүк ата болбогула,
Сүйөм деп байкуш кызды албайсыңар,
Жыргалдын кызыгына барасыңар.
Кош бойлу болуп калса ал байкуш кыз,
Күкүк ата болуп анан каласыңар.
Эркектер туруксуз пенде болбогула,
Эр болсоң кыз абирин коргогула.
Кыздарды буйрум катары пайдаланбай,
Намысты жерге таштап койбогула.
Эркектер о дүйнөнү ойлобогула,
Бул жалганда туруксуз болбогула.
Өз каныңдан жаралган данегиңди,
Каросуз жолго таштап койбогула.
Эркектер күкүк ата болбогула,
Келечек эртеңкини олонгула.
Жаныңдан жаралган өз балаңды,
Баш тартып чанып таштап койбогула.
Автор Ж; момунов.
Т: Дүйнө,
Жаныбыз такай азап тарткан дүйнө,
Кадамы көп азапка баткан дүйнө.
Бул дүйнөдө түбөлүк жашабайбыз,
Айландырып как төбөгө чапкан дүйнө.
Эл менен бектер качкан дүйнө,
Ата бабалардан калган жерди саткан дүйнө.
Кудай ургур бөрү терисин жабынгандар,
Ала тоонун алтындарын саткан дүйнө.
Кыргыздар туш тарапка баскан дүйнө,
Кыргыз элим көп азапка баткан дүйнө.
Атиңай кайраң элим Манасты жок,
Кайгырып көздөн жашы аккан дүйнө.
Мекен деп батырлары бөлгөн дүйнө,
Кыргызыма көп азапты тарткан дүйнө.
Аз гана алакандай эл жеримди
Так жарып тең экиге бөлгөн дүйнө.
Жамандын алкыш айтып колдоп кайра,
Жакшысын жер алдына көмгөн дүйнө.
Бир бирин колдобостон саткан дүйнө,
Бөтөн элге кошоматтык кылган
Т: Жаралбайбыз кайрадан.
Конул иши ото кыйын турбайбы,
Адам олсо жер алдында куурайбы.
Ошондуктан беш кунчулук омурдо,
Пенделерим бир бизди сыйлайлы.
Омур отсо кайра артына уланбайт,
От да очсо ал кукурт суз утанбайт.
Жарык бирок ушул жалган дуйнодо,
Ортобузда болсо деймин сый урмат.
Пенделерим жаралбайбыз кайрадан,
Алыс болуп журолучу залалдан.
Тажабайлы дил тазартчу намаздан,
Жаралбай быз бул дуйного кайрадан.
АВТОР: Жоодар Момунов.