Агайым Кадыралы Артыковго
Мыкты терең обондорду жаратып,
Суусап турган элге аны таратып.
Элжиретет уккан сайын ырыңыз,
Симфония жүрөктөрдү саматып.
"Кыялдануу "жетелесе адамды,
"Барам сага"багынтууда ааламды.
"Кайдасың"деп кайрыгыңыз жаңырып,
Калк ичинен алда ордун таба алды.
Обонуңуз жаркып күндөй тийишкен,
Ысымыңыз түшпөсө экен бийиктен.
Ырларыңыз турсун дайым жаңырып,
Адамдардын жан дүйнөсүн жибиткен.
Ар күнүңүз өтсүн дайым нурданып,
Артыңызда ырлар калып,сыр калып,
Өмүрүңүз узун болсун агайым,
Сала берсин дагы далай ырга нук!!
Автор;Болотбек кызы Бегимай
ЖАПАР ШАБИРОВ МЕКТЕБИМ
Алтын уям асылым мектебим,
Сагынып өзүңдү көп эстедим.
Кайтып сага жүргүм келет кайрадан,
Баруунун мен амалын эч билбедим.
Сенде калды окуучулук күндөрүм,
Эске түшөт тентек кылып жүргөнүм.
Алгач мен аттаганда босогоңду,
Достош албай,кыйналып сүрдөдүм.
Мектебим учат сенден жакшылар,
Намысыңды сактаар кызың бар чыгаар.
Жылдан жылга өсө бергин өнүгүп,
Коштоп жүргөн мойор Жапар деген атың бар.
Мектебим эсибиздесин түбөлүк,
Сени даңктап урмат кылып жүрөлүк.
Атыңды чыгаарабыз буйурса,
Ага чейин биз эмгек кылып өсөлүк.
Алгалай бер Жапар Шабиров мектебим!!
Автор;Болотбек кызы Бегимай
КОШУҢУЗ АГАЙ
Сизди ойлоп жан-дүйнөм жашыды,
Өзүңүздү бир көргөнгө ашыкты.
Сиз жакындап айтып сырыңызды,
Мынча неге жүрөгүңүз азгырды.
Болду менин келген жок кыйналгым,
Бүтөт баары келбейт эми сыздагым.
Калганын буйруктан гана көрөбүз,
Сизди бактылуу кылсын Кудайым.
Кош агай,жолуксам айтам саламды,
Жолукпасам угаармын мен кабарды.
Тапсаңыз сиз түбөлүктүү түгөйдү,
Сүйүнүп мен карайт элем ааламды.
Кошуңуз агай,кошуңуз,кошуңуз ,
Бул жалганда ачык болсун жолуңуз.
Сизден мен билим гана алайын,
Магада бакыт каалап коюңуз.
Автор;Болотбек кызы Бегимай
***
Эй элим,жаман жолго баспайлы,
Дуба кылып,ыйман менен жашайлы.
Арамдык,сарандыктан алыстап,
Бири бизге жакшы сөздөн арнайлы.
Эл үчүн кылалы жакшылыкты,
Аллах элге берсин барчылыкты.
Баргада,жогунада шүгүр деп,
Тилейличи дайым амандыкты.
Автор;Болотбек кызы Бегимай