Лимон терини агартып, майлуулугун азайтат
Бет аябай тердей берсе, териси майланышып жылтырап жатса, же безетки чыкса, бир күндө 2-3 жолу лимон тилими менен бетти сүртүү кажет. Эгерде бетиңиз ак, ал эми моюнуңуздун териси ага салыштырмалуу күңүрт түстө болсо, лимон ширесине малынган кебез менен мойнуңузду сүртүп, андан соң гана крем сүйкөсөңүз болот. Бирдей өлчөмдөгү лимон, сабиз, бадыраң ширелеринин аралашмасы менен ириңдей түшкөн безеткилерди айыктырууга мүмкүн. Бут ашыкча терчил болуп кетсе, лимондун ширеси менен таманыңызды сүртүңүз. Жумшак, жука, бат сына берген тырмакка 10 күнгө чейин лимон тилимин сүртүү зарыл. Бул тырмакты катуу, бекем кылып, өңүн жакшыртат. Одуракай тартып, кургап,