Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Чычырканак майы менен дарылоо Ашказан жарасын, гастритти айыктырууда чычырканак майы кеңири колдонулат. Бул оорулардан жабыр тарткан адамдар тамактанууга 15-20 мүнөт калганда 1 чай кашыктан кабыл алып туруулары зарыл. Бир айдын ичинде күнүнө 3-4 жолудан бузбай ичкенде жакшы жагына өзгөрүү болгону дароо байкалат.
Жатын моюнчасынын эрозиясын чычырканак майы менен дарылоого болот. Ал үчүн чычырканак майын кебезден жасалган тампонго жакшылап сиңирип, жатын моюнчасына салып коюу керек. Тампонду күн сайын алмаштырып туруу зарыл. Процедура 8-12 күнгө созулат. Натыйжалуу жыйынтыкка ээ болуу үчүн 4-6 жумадан кийин кайра кайталоо керек.