Бирге кордук татаал турмуш жолдорун,
Ошол кезде кармап ыссык колдорун.
Ошол убак бир озумо куч берген,
Сенин ошол "эже" деген создорун.
Билем боорум апабызды сагындык,
Атабызды корбогондо наалыдык.
Ушул турмуш бизди мээрим кордурбой,
Тагдырыбыз татаалына таарындык.
Бир мейизди биз экобуз болгонбуз,
Бар,жокко биз экобуз конгонбуз.
Бир тууганым бир озунду абайла,
Ач калсан да сезип турат коодонум.
Коп жыгылдык,кээде тайдык,ыйладык,
Коп учурда мээрим энсеп кыйнадык.
Бирге болуп кайгыда да азапта,
Жашоодон очпос сабыр жыйнадык.
Бир тууганым, менин колдоор инсаным,
Жолок болгон менин тумар,бир жаным.
Унутпагын ошол кезде бир таткан,
Бирде ачуу,бирде таттуу турмуш даамын