Уул той, там тоюна жана улак тартышка сарпталуучу 3 млн. акчаны айылынын жолун оңдоп, онкологиялык оорукчан балдардын ооруканасына жана гемодиализге муктаж болгон бейтаптарга кайрымдуулук катары таратып беруу менен өтө чоң соопко ээ болуу...
Бир бизнесмен бала дүңгүрөтүп той бермекчи болуп, уул той, там той откоройун деп, улак тартышка, күрөшкө паланча төө, мынча машина, түкүнчө кой бөлүшүм керек деп отуруп эсептеп корсо жалпы чыгым 3 млн. сомдон ашыптыр. Туугандары да эми бир той бер дунгуротуп, элдин оозунда кала турган бол дейт. Бирок бала өтө зээндуу, кыраакы жана ыймандуу жигит болгондуктан мунун Кудай алдындагы жыйынтыгын анализдеп көрүп, акыретте ушул той аркылуу күнөөгө батамбы же