Чычкандар жер титирөөнүн алдында кыймыларакетин кескин өзгөртөт. Жер силкинүүгө 3—4 саат калганда келемиш, сокур, момолой жана жөнөкөй чычкандар ийиндеринен сыртка чыгып, тынчсыздануу менен арыбери чуркашып, кээ бирлери тиштешип, адамдардан да, иттерден да коркпой калышат.
Мындай көрүнүштү суурлардан да байкоого болот.
Ийинде жашоочу мындай жандыктарга негизинен жер титирөө болоор алдында, очоктон туш тарапты көздөй таркалуучу акустикалык сигналдардын таасир этери аныкталган.
Эксперимент боюнча алганда жер титирөө болоор алдында акустикалык сигналдар ийинде тынч жатышкан жаныбарларды дүүлүүктүрүп, тынчсыздандырып, жана мээ органдарында метаболикалык процесстерди өзгөртөт.
Мындай болуу ала