Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Чачка арналган пайдалуу кеңештер
Кулпурган, жылмакай чач - айымдын организми канчалык витаминге бай экенинен кабар берип турат. Чачты туура эмес тарап, туура эмес жууса дагы ал жабыркайт, кадимкидей эле чачка дагы этият жана назик мамиле кылуу керек.
* Чачты жуурдан мурун аны тарак менен тегиз тарап алган жакшы.
* Башты жууп жатканда алгач чачты тегиз суулап, андан соң шампунду дароо эле башка куюп жибербей, алаканга куюп алып, жеңил кыймыл менен чачка сүйкөйсүз.
* Чачты жууп жатканда эч качан тырмак менен башты тырмабоо керек, манжалардын учу менен гана кылдат жуу сунушталат.
* Ар бир жууган сайын таза сүлгү менен гана аарчуу керек.
* Суу чачты эч качан тарак менен тароого болбойт