Урматтуу мекендештер!
Тагдыр таразасында, турмуш сыноолорунда "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы сиздер менен бирге болуп акыйкатты туу тутуп, чындыктын изи менен чыйыр салып келе жатканына бүгүн 13 жыл болду.
13 жыл аралыгында биздин партия калың журтту караан, адилеттикти ураан кылып ар качан эл менен бирге болду. "Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң"- демекчи, ар кандай саясий кырдаалдарда өз позициясын ачык жана так билдирип элдин сөзүн угуп, эл пикири менен эсептешип келди. Ачуу чындык ар убакта бийликтегилерге жакпасын билсек да, бирок, биз чындык тарапта, карапайым калк арасында болдук. "Жолду баскан арбытат" дегендей, башыбыздан канча кыйынчылык күндөр өтсө да катарыбы