Ар бирибиз билип , муундарыбызга айта жүргөнүбүз оң .
Куш атасы- Буудайык,
Ит атасы - Кумайык ,
Курт атасы --Кара чаян ,
Чегирткенин атасы - Черте баян,
Кумурсканын атасы - Кумпа баян,
Суурдун атасы -- Солтон мерген,
Кийиктин атасы - Кайып берген,
Жылкынын атасы - Камбар ата
Койдун атасы - Чолпон ата,
Эчкинин атасы- Чычаң ата,
Төөнүн пири - Ойсул ата,
Киши пири - Адам ата ,
Уйдун пири - Зеңги баба ,
Жердин пири - Жер эне ,
Тоонун пири - Тастар ата,
Көктүн пири- Көкө теңир,
Оттун пири - Чагылган,
Күндүн пири -Күн теңир ,
Суунун пири - Сулайман ,
Жолдун пири - Жоламан ,
Элдин пири - Эламан,
Малдын пири - Малабай ,
Эгин пири - Баба дыйкан ,
Жигит пири - Шаймерден ,
Оюн пири - Ордо кыз ,
Аңд