БҮГҮН СИЗДЕ МҮМКҮНЧҮЛҮК БАР!
(үлгү ала турган окуя)
Бир журналдан окудумбу же Интернеттен окуп калдым бекен,аныгы эсимде жок.Бирок болушунча,эсимде калганын бир аз көркөмдөп айтып берейин.Анда сөз башынан болсун :
Бир шаарда, Татарстан тарапта өңдөнөт,бир кыз жашайт эле.Кадимки эле кыз, арзуу-тилектери,кыялдары бар.
Келечек жашоосунан көп жакшылыкты үмүт кылган.Бирок Кудайдан корккон, такыба эле.Жараткандын Өкүмү болгон жоолугун оронуп,шарыятка ылайык кийинип,намаздарын өз убактысында окуйт эле.Ата-энесине болгон мамилесинде да айып таппайсың.Адеп-ахлактуу,боорукер,бирок ислам принциптерин бекем кармаган кыз эле.Албетте,тахажуд намазын да үзгүлтүксүз окуур эле....
Ар бир эле бой