Урматтуу мекендештер, жыл сайын адатка айланып, КМДБ нын Москва шаарындагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп келе жаткан "Мавлид ан-Набий" кечесине келип, жан-дүйнөңүздөргө руханий азык алып кайтыңыздар!
Пайгамбарыбыз С.А.В бир хадисинде: "Өмүрүңүздүн узун болушун, ырыскыңыздын кенен болушун жана жаман өлүмдөн сак болууну кааласаңыз – анда тууганчылыкты бекем кармаңыз" деп айткан.
Ооба, үй-бүлө жана бир туугандык, бул жашоодогу бар болуунун негизги себептери. Анткени адам баласы үй-бүлөдө жаралып, дагы бир үй-бүлөнү өзү жаратып жашап келет. Ал эми үй-бүлөлөрдүн бузулушу болсо коомчулуктун кыйрашына, ишенимдин жоголушуна, жакшылыктардын жок болушуна алып келет.
Үй-бүлөлөр да мезгил-мезгили
"Аялдын жакшысы эркектин бактысы"
Турмушта ар-кандай окуялар болот. Кээде эрди-катын урушуп калганда казан-табак кагылышып калат. Анда аялы күйөөсүнө таарынып, бир аз убакыттан кийин кайра эле таарынычы тарап, жарашып кала берчү кызык жашоо. Бирок, үй-бүлөлүк чыр-чатак эч качан эшиктин босогосунан ары чыкпаш керек, "Аялдын жакшысы, эркектин бактысы"- деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Күнүмдүк турмушта болгон төмөнкү окуя, бул сөздүн чын экендигин дагы бир жолу далилдейт.
Күйөөсү менен аялынын арасын шайтан аралап бир аз чатакташып калат. Аял алсыздыгын кылып ыйлап жиберет. Ошол кезде, кызыбызды зыярат кылып кетели деп аялдын ата-энеси эшикти кагып кирип келет. Көз жашын төгүп ыйлап жатк
Ассалоому ьалейкум уа Рахматуллохи уа баракатуху урматтуу мусулман бир туугандар.
Муса (алейхи салам)
Муса алейхи саламдын өмүр баяны жаштар үчүнда чоңдор үчүнда түшүнүктүү тартылган.Бул видеону чыгарууга бир канча адамдын мээнети, убактысы кетип, бизге даяар болуп келди.Башка фильмдердей ойлоп табылган эмес, чыныгы болгон окуя. Аллах алардан ыраазы болсун.Жашоо түйшүктөрү кээде ыйманыбызды алсыратат, ошол убакта динибиз жөнүндө билип, окуп, көрүп турсак ыйманыбыз аз да болсо бекемделип турар деген үмүтүбүз бар.