Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Өмүрүндө ал мынчалык корунган эместир. Бүт бардыгы эле аны карап тургандай сезиле берди. Бирөө аны тиктеп калса эле улам кийими-башын каранат көздөрүн алаңдатып. Эки бети кадимкидей алоолоп кыпкызыл. Же тигилерге окшоп чет элдик музыканын коштоосунда тайраңдап бийлей алсачы. Баарынан да дасторкон үстүндө оокаттанып жатканда бардыгы эле анын ысык-суукка туурулган колдорун карашкансыйт. Колдорун кай жакка катаарын билбейт далбас уруп. Тез эле бул үйлөнүү той салтанаты бүтсө экен деп тилейт ичинен. Анын үстүнө тойго чакырылгандардын көпчүлүгү жаштар экен. Бардыгы чачтарын тармалдатышып, ооздорун, колдорун кызарта боёшкон. Кийингендери да акыркы мода менен. Жигиттер бийге чакырышканда