Сыдырым жел, сылап өтсө кашыңдан.
Кызыганамда сага көздөй ашынгам.
Менин перим, мендик гана болот деп.
Коруп келем, уурдап соккон шамалдан.
Ыраа көрбөй, мен өзүңдү башкага.
Менде ышкы өзүнчөле башкача.
А берекем сенден мага бир сезим.
Тартылгангоо күн нурундай таптаза.
Көркөмүңө көз уялып тойо албайт.
Колдоруңа колум бирге боло албайт.
Сени сүйүп сага көөнү ашыккан.
Мендей жигит, сага миңдеп ыр арнайт.