КЕРЕМЕТТҮҮ ОКУЯ . Улуу Мазхаб башчы Имам Ахмад бин Ханбал рахимахуллах бир жолу сапардан келе жатып , катуу чарчагандыктан уктоо үчүн бир мечитке кирет.
Өтө жөнөкөй адам болгондуктан аны кээбир адамдар таанычу эмес.
Мечиттин кароолчусу тааныбасты сыйлабастыкка салып уктоого уруксат бербей койот.
Имам Ахмад мен эки кадамыма тик туруп уктайын десе да кароолчу көнбөй койот.
Босогодо аябай чарчаган абалда олтурган Имам Ахмадты бир набайчы ( нан бышырчу ) киши көрүп , боору ооруп , нан бышырчу жайга кирип уктоого уруксат берип , ээрчитип кетет.
Имам Ахмад ал жерден мындай окуяга күбө болот. Набайчы унду алганда , сууну куйганда , тузду салганда , жууруганда , жапканда тынбай истигфар айтат.