КАЙТАЛАЧЫ.
Сен турмушта эч качан өксүбөчү,
Сен турмуштун бакытын көп тилечи.
Жаңырайын өмүрдүн шаңын тосуп,
Жашып жүргөн күндөрүм өттү дечи.
Асманымда булут жок ачык дечи,
Албууттанып жатамын ташып дечи.
Мейкин кезип дүйнөдөн араң тапкан,
Мен издеген дал ушул бакыт дечи.
Махабатка айланган кечим дечи,
Магдыраткан акылым-эсим дечи.
Өзгөрүлгүс эч качан ушул бойдон,
Өзүм койгон акыркы чечим дечи.
Тагдырыңдын таштарын талкалачы,
Татыктуусуң ырыман таркабачы...
Дабышыңдан тоо урап, зоо куласын!
Мен бактылуу болом деп кайталачы?
Ошондо мен арман ыр жазбай калам,
Ошондо мен ардагым жаздай калам!!!
М. Айтимбетова
12.02.2017
21:58