ЭМЧЕКТЕГИ БАЛАНЫН СҮЙЛӨӨСҮ ТУУРАСЫНДА ОКУЯ
Бул хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бешиктеги ымыркай кезинде сүйлөгөн үч бала жөнүндө айтып берген. Алардын биринчиси Иса пайгамбар, экинчиси Журейжтин окуясындагы бала. Ал эми үчүнчүсү мына ушул окуяда айтылган эмчектеги ымыркай.
Бул окуяны Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтып берди: «Бану Исраил коомунан болгон бир аял баласын эмизип отурганда, анын жанынан кооз кийинген, жакшы аргымак минген бир киши өтөт. Аны көрүп аял: «Оо, Аллах! Менин баламды ушул кишидей кыл» – деп дуба кылат. Эмчек эмип жаткан баласы эмчекти таштап, жанагы атчан кишини карап: «Оо, Алл