Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Урматтуу орто мектептин бүтүрүүчүлөрү! И. Арабаев атындагы КМУнун Көркөм маданият жана билим берүү факультети, бүтүрүүчүлөр арасында "Биз таланттарды издейбиз" аттуу конкурс жарыялайт. Конкурстун максаты: Орто мектепти бүткөндөн кийин, музыка же сүрөт мугалими болсом,- деген таланттуу жаштардын биздин факультетке тапшыруусуна көмөктөшүү. Конкурстун шарты: Музыка бөлүмү үчүн: ырдап же аспапта ойногон эки минуталык видеону, сүрөт бөлүмүнө: тарткан сүрөтүн, жасаган көркөм кол эмгегин сүрөткө түшүрүп, телефон номериңер менен кошо Whats App аркылуу салып жибересиздер. Комиссия жыйынтыктап, жеңүүчүлөргө телефон аркылуу кабарлашат. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө кабыл алуу учурунда өзгөчө жеңилдиктер бер