Таштандыга ташталып, иттерге жем болгон ымыркайдын арманы..
Таштанды төккөн дөбөнүн,
Түбүндө түндө төрөлдүм.
Ак олпок бешик ордуна,
Кир кагазга бөлөндүм.
Заматта эле кесилди,
Киндигим ташка жанчылып.
Узадың менден апаке,
Кагазга ороп калтытып.
Эрбеңдеп колу буттарым,
Эригенче ыйладым.
Эми эле көзүм ачсам да,
Эх дүйнө сени кыйбадым.
Үнүмдү укса келээр деп,
Апаке катуу ыйладым.
Келбедиң бирок кайрылып,
Үшүдүм корктум кыйналдым.
Тукумум улаар Уулум деп,
Турса эмне атам кубанып.
Жатамын минтип жардамсыз,
Ылайга баткак булганып.
Түнкүсүн сайраң курушкан,
Топ жаштар өттү ырдаган.
Жанымдан кыйгап өтүштү,
Укпастан мени ыйлаган.
Муздады үшүп бүт денем,
Ыйлоого келбей дарманым.
Ошондо билдим