Ак бантик байлап чачыма, келдик эле биз мектепке шашыла. Калем кармап жазганды биз уйрөнуп, алиппени ачаар элек кызыга.. Андан бери далай сонун күн өттү, билим алып эс тартып биз бой жеттик. Бир туугандай бир класта чоңойгон, классташтар кош айтышып кетебиз.. Кош болгула эжейлерим агайым, жакшылыктын баарын сизге каалайбыз. Окуубузду мындан ары улантып, эмгегинди уят кылбай актайбыз.. Кош бол менин эң сүйүктүү мектебим, эсибизден эч убакта кетпейсиң. Сенде откоргон окуучулук кундорго, эми кайра не кылсак да жетпейбиз!! Автору: менин сүйүктүү тайэнем..