Биринчисин кыз төрөсө аялы.
Капа болуп, өзүн-өзү аяды.
Уул болсо, эмне эле деп өзүнчө.
Эси жоктук, акылсыздык баягы.
Кийин аял, төрт уулду төрөдү.
Күйөөсүнү, кубанычка бөлөдү.
Кызык эле, кээ бир эркек кызынан-
Уулдарын, артыгыраак көрөбү?
Мезгил учуп, жылдар өттү арадан.
Баягы жаш, чалга айланды карасаң.
Үйлүү - жайлуу, үй-бүлөлүү тыныгып.
Уул - кызы, жай - жайына тараган.
Кемпири да, кете берди ааламдан.
Жалгыз өзү, заңгыраган жаман там.
Кемпирине, кайгырганбы аябай.
Өзү дагы, дарманы аз, араң жан.
Уулдары, жумушунан бошобойт.
Сагынычтан, көздөн жашы жорголойт.
Жалгыз кызы, тез-тез келип атасын.
Сүйөп - таяп, ары - бери жетелейт.
Ооруп калып, жатып калды доктурга.
Ж