Сиз мага жагасыз.
Мага сиз аябай жагасыз да,
Жүрөктүн жолун табасыз да.
Ар дайым кусага сиз баттырып,
Алыстап кайдадыр барасыз да.
Алтыным көңүлгө жагасыз да,
Жүрөктүн тынчын аласыз да.
Утурлап сиз жака баражатсам,
Башкача жылмайып качасыз да.
Сүйгөнүм сиз мага жагасыз да,
Эң баалуу саптарда каласыз да.
Сүйүүмдү берүүгө баражатсам,
Коркконсуп артка сиз басасыз да.
Жалгызым сиз мага жагасыз да,
Сүйүүгө мас кылып саласыз да.
Эрчишип, кадамды бирге кылсак
ошондо бактылуу мени кыласыз да.
Көңүлгө жалгыз сиз жагасыз да,
Оюмду бүт ээлеп аласыз да.
Уктатпай уйкумду уурдап алган,
Ардагым жүрөкө жагасыз да.
Жүрөкө жалгыз сиз жагасыз да.