ҮЛГҮЛҮҮ КЫЗ
(Бул ырым таза, чын ниетинен жоолук салынып, жүрөгүндө ыймандын оту алоолонуп турган эже-карындаштарга арналат)
Күндө соопту табууга далбас уруп,
Күүгүм-талаш караңгы таңда туруп,
Жаят колун ар убак ак батага,
Жайнамазга ийилип сажда кылып...
Тарбияны туу кылган ата-энеден,
Так ушундай болот кыз бата көргөн!
Кур мактоого арзыйын деп ойлобой,
Кудай үчүн денесин катат элден...
Кээ бирөөлөр жөнү жок ачынышат,
Кыска кийип шайтанды чакырышат...
Кийингени а мунун арапча деп,
Кеңкелестер киймине асылышат...
Элге бирок теңелип ушак айтпайт,
Эне тарткан эң ыйык убайды актайт!
Жүйөөсү жок батыштын ырын укпай,
Жүрөгүнө ар убак куран жаттайт...
Тоодой максат алд