БИЛБЕЙМ КАНТИП?
Бүгүн бизде бүчүр байлап жаңы муң,
Бөлүндүк ээ эки жолго жарыгым.
Бара жатам карек толгон жаш менен,
Өчүрө албай көкүрөктүн жалынын.
Буулуктуруп ыза деген бурганак,
Ал да мендей көзү болсо ыйламак.
Сен соңку ирээт бекем кыскан колдорум,
Сүрөтүңдү өчүрө албай кыйналат.
Бүтүп бүгүн сүйүүбүздүн эртеңи.
Акылымда болгон менен белсенүү.
Кечээки күн турса сени эстетип,
Билбейм кантип унута алам мен сени
Түк чамам жок жарытаарлык сүйлөөгө,
Сезимдерден мен күйгөндөй күйбө ээ.
Сендей катуу сүйүш үчүн башканы,
Төрөлүшүм керек болот дүйнөгө,
Төрөлүшүм керек кайра дүйнөгө...
14 02 2017
З. Сарногоева