(Жаңы ыр)
*** *** *** ***
Туман ойлор, титирөөдө бүт денем,
Тагдыр бул да жаратуучу түптөгөн.
Ойлогонго мүмкүн эмес болуучу,
Окуялар болуп кетет күтпөгөн.
Дарманым жок ооба ушул, ийи мен
Дагы далай сыноолорго ийилем.
Бүгүнкүдөй жан аябас жандардын,
Дагы далай тизмесинен чийилем.
Айтпа! Билем кулк мүнөзүм жаманын,
Анысы аз анан да көп талабым.
Арзуу арнап жүрүп бир күн жигиттер,
Айтпай калса ал таңыркабайм саламын.
Аалам кең да эчен жакшы адам бар,
Ары карай бассаң жаңы кадам бар.
Катарыңар мени менен азайып,
Толуктасын менден мыкты адамдар.
А мен таңдан кайгысы жок кеч тилейм,
Турмуш бирок "муштум" анан "тепки" жейм.
Ыркым кетип баары менен турса да,
Ырлар мени таштабасын деп