<<Жарык>>
АҢГЕМЕ
– Мас келатат, мас келатат…
Күн кечтеген сайын бала жүрөк титиреткен шу доошту укпастын айласын издеп, өзүн коёрго жер таппай калар эле. Үйлөрүнөн чакырганына карабай көчө менен бир болуп ойноп жүргөн жаш балдар күн сайын күүгүм талаш “мас келатат” деп эле ызылдап калышат. Кээде алар көчөнүн бирде аркы, бирде берки жээгине каалгып, бутуна тура албай араң келаткан мас кишинин буту-колуна аралашып, аны туурап, шылдыңдап артынан үйүнө чейин узатып келер эле. Ата-энелери, бу көчөнүн чоңураактары чычымдардын бул кылыгын тыйбайбы, же аны алар этибар албайбы, билген жан жок. Иши кылса башкаларга өөн учураган мындай көрүнүш бу көчөдөгүлөр үчүн, а түгүл мас кишинин өзү үчүн да көн