= КАПАЛАНБА =
Оору да айыгат, кыйынчылык да чечилет, Аллах кааласа күнөө да кечирилет, карыз да берилет, камалган да чыгарылат, жоголгон да табылат, күнөөкөр да тобоо кылат, кедей да бай болот
КАПАЛАНБА:
Кара булуттардын тараганын, караңгы түндүн жарыганын, шамалдын токтогонун, бороондун акырындаганын көрбөй жатасыңбы?! Андай болсо сенин да кыйынчылыгын жеңилдейт, жашоон да оңолот, келечегин да кең болот.
КАПАЛАНБА:
Сен бир аз сабыр кылып, күтүп тур. Албетте күндүн ыссыгын караңгы көлөкө муздатат, чаңкаган чаңкоону муздак суу кандырат, ач курсакты ыссык нан тойгозот, уйкусуз түндү бейпил уйку токтотот, ооруган ооруну да таттуу айыгуу келип токтотот...
КАПАЛАНБА :
Врачтар, даанышмандар,