Бул окуяны тээ бала кезде кошуна кара кемпирден уккам. Керээли–кечке эшик алдында тарамыштуу арык колдору менен ийигин чимирилтип, ийик менен кошо кыял минип өткөн күнүндө сапарда жүргөндөй тунжурап отура берчү. Эч ким атын да, жашын да билчү эмес, жөн эле “Кара кемпир” деп коюшчу. Бул, балким, кемпирдин эч кимиси жоктугунан чыгаар. Негедир адамдар кемпирден качкансып, эч ким аны менен катташып, байланышчу эмес, ал тургай балдарын да жибербей тыйып турушчу. Балага эмнени жашырса ошол кызыктуу эмеспи. Мени ушул унчукпаган, эч кимди бар–жогу, ач–тогу кызыктырбаган кемпир өзүнө тартып, сүйлөшкүм келе берчү. Ал жөнүндө билгим келчү. Кантип эле аты кара кемпир болсун? Өз аты, өз тагдыры бар чыгаа