Көгүш тоону кыян жууп,
Көрк бузулат, сак болгун.
Көсөмдөрүң элди алдап,
Көч бузулат, сак болгун.
Өзөгүңө өрт таштап,
Өз бузулат, сак болгун.
Сөөлөтүнөн ажырап,
Сөз бузулат, сак болгун.Салкын тоону кыян жууп,
Салт бузулат, сак болгун.
Намыс түгөп, ар түгөп,
Нарк бузулат, сак болгун.
Кара тилин калп минип,
Карт бузулат, сак болгун.
Калыс сөзүн айталбай,
Калк бузулат, сак болгун.Кызыл тоону кыян жууп,
Кырман качат, сак болгун.
Кыз-уланың дүйнө кууп,
Кырдан качат, сак болгун.
Кырды-түздү жат элге,
Кыйган качат, сак болгун.
Кылгылыкты кыргызга,
Кылган качат, сак болгун.Тулпар тоону кыян жууп,
Тул болосуң, сак болгун.
Кудагыйсыз, кудасыз,
Кун болосуң, сак болгун.
Кубат-күчүң соодалап,
Пул болосуң