=КАРА КАТЫН ПРОФЕССОРДУ КАНТИП ДИНГЕ КИРГИЗДИ?=
Менин ислам динине кирүүмө ысырык саткан кара катын себеп болгон, - деп сөзүн баштады профессор. Студенттер менен болуп жаткан жолугушууда, андан эмне үчүн ислам динин кабыл алгандыгы тууралуу айтып берүүсүн өтүнүшкөн болчу. Профессор мурун учуна илинип турган көз айнегин өйдөгө түртүп коюп, сөзүн улады:
- Ысырыкты баарыңар билесиңер, эгерде үйдө тумоо башталса, аны сөзсүз түтөтүү керек. Ал микробдорду өлтүрүп, тумоонун жайылуусуна бөгөт коёт. Бир жолу менин үй-бүлөмдө да ушундай абал болду. Кокустан эле кемпирим чүчкүрүп-бышкырып калды. Өзүмдүн да денем оорлогонун байкады